www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» 13-январдагы эфиринде коронавирустан эмдей турган Американын «Pfizer» дарысы Кыргызстанга туура келбей турганын айткан.

«Глобалдык альянс бизге америкалык Pfizer вакцинасын сунуштаган. Бирок вакцина -70 градус температурада сакталышы керек. Бизге 1 млн 200 доза акысыз берилет. Аны алып келип, сактап, элди эмдөө үчүн атайын муздаткыч керек болот. А бизде андай муздаткычтар жок. Сатып алалы десек, 4 миң доллардан өйдө бааланат. Pfizer вакцинасынын материалы үчүн дагы 2 млн доллар керектелет. Бюджетте мындай акча жок», - деди министр.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Глобалдык альянстан башка вакцина сурайт.

«Россиянын өкмөтү менен вакцина менен камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Россиянын вакциналары -2..-18 градус температурада сакталат. Бизде мындай муздаткычтар бар», - деп кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости