www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдан Кыргызстанга келчү инвестициялар эки эсе кыскарды. Мурдагы жылы 300 млн. доллардын тегерегинде каражат келсе, былтыр бул сумма араң 100 млн. доллардан ашты.
Былтыр ошондой эле Кытай мамлекети Кыргызстанга грант катары берет деген 100 млн. доллар келбей калганы белгилүү болду. Муну айрым адистер Кытайга карата терс маанайдын күчөшү жана кытайлык ТВЕА компаниясына козголгон кылмыш иштери менен байланыштырууда.
2018-жылы Кыргызстанга тикелей инвестициялардын көлөмү 31 пайызга кыскарды. Тагыраагы мурдагы жылы инвестициялар 503 миллион долларга жеткен болсо, былтыр бул сумма болгону 345 миллионду түздү
Мунун ичинен Кытайдан келген инвестиция эки эсе кыскарган. 2017-жылы кытайлык ишкерлер Кыргызстанга 300 млн. доллардай акча салса, өткөн жылы болгону 125 миллион доллар алып келишкен.
Буга чейин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов атайын билдирүү таратып, ушу тапта Кыргызстанда кытайлык инвесторлордун 397 ишканасы,177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары иштеп жатканын кабарлаган. Ал Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2018-жылы – 3,8 млрд. сомду (2017-жылга салыштырмалуу өсүү 20%) түзгөнүн билдирген.
Өкмөт өкүлү ошондой эле эгемендик алган жылдары Кыргызстандын мамлекеттик долбоорлоруна Кытай 2,1 млрд. доллар кайтарымсыз каражат бергенин мисал келтирген.
Деген менен былтыр Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн Кытай өкмөтү убада кылган 100 миллион доллар гранттык жардам бөлүнбөй калганы ачыкка чыкты.
Булак: NazarNews.kg