www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттик шайлоонун шайтан оюндары жүрө баштады. Учурунда Алмазбек Атамбаев “кол партия” катары түзүп, мандаттарды сатып көнгөн “Кыргызстан” аттуу партия бар. 2015-жылы бул партияны башынан сылап түзө баштаганда эле мүдүрүлгөн. Анткени, Кыргызстан бул гана партиянын аты эмес, Кыргызстан биз аярлап сыйлаган мамлекеттин аты эле. Ушул атты “Кыргызстан” аярлап алып жүрө алдыбы? 2015-жылдагы шайлоодо ал кездеги өкмөт башчысы, өкүл атасы Темир Сариевдин алаасына жашынып алып Шаки калптарды тытыратып атканда автомат Калашников оюнчук болуп калган. 2015-жылдагы шайлоо алдында «Кыргызстан» партиясы өзбек криминал төбөлү Салимбай Кыргызбаевич акенин, өзбек сепаратисти Кадыржан Батыровдун жана Ош, Жалал-Абаддагы өзбек диаспораларынын башчылары менен Ысык-Көлдө жашыруун ресторанда отурушкан. Өзбектерге кошомат жасап, орусча айтканда «талпак болуп тейлеген» (медвежья услуга) Шаршенбек Абдыкеримов эгер ЖКга өтсө алты жүз өзбекке чоң кызмат берип, бир гана өзбектер иштей турган завод курам деп убадасын берген. Өзбектер кыргыз эмес алданып жүрө бербейт. «Кыргызстан» партиясы ЖКга өттү Шаки убадасына турган жок, кыргыздарды алдап көнгөн Шаки өзбектерди да алдап сызга отургузуп, кайрадан 2020-жылкы шайлоого аттанган.
Атамбаев жаңыдан түзүп атказганда эле оңкосунан кеткен бул партия Сооронбай Жээнбеков президент болгондо жер менен жер болуп быкшып жатканы менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясы биринчи “бешиликтин” наркын 550 миң долларга көтөргөн. 550 миң доллардын теңин быш этпей сугунуп койгон БШК мүчөсү Эшимов. Акылбек Эшимов деген кызыл кекиртек БШК мүчөсү бар. “Кыңыр иш кырк жылда” дейт, бул шоркелдейдин “кыңыр иши” бир жылга жетпей ачыкка чыкты. 2020-жылы июнда “Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов менен колтукташып, чай ичип “эт жебес” Эшимов ал партияны парламентке чыгаруу үчүн сөз берет. Шаки менен кызуу талкуудан соң биринчи “бешиликке” жарандардын бирөөнөн 550 миң сомго ”Кыргызстан” партиясына депутаттыкты убада кылып алат. Бирок, Эшимов аны депутат кыла албай, айтканын аткарбаган соң 300 миң долларын көзүн жашылдантып жатып араң төлөп берген. Калган акчаларды тагырагын айтканда “кекиртеги кенен” Эшимов “ап” этип сугунуп койгон. 550 миң доллар сугунткан адам бул тууралуу айкырып жатат, пара алган адамда, пара берген адам да жооп берчү беле?
Акылбек Эшимовдун түнкү уйкусун бузуп “Кыргызстан” партиясынын 2020-жылы парламенттик шайлоого аттанарда жолу буулган. Калган он алты партиялардай эле “Кыргызстан” партиясы деле ызы-чуусу жок эле өтүп кетиши керек эле, балким БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Кыргызстан” партиясын Атамбаев спикерге жеткизген дараметүү Дастан Жумабеков менен Тазабек Икрамов тантык тилдерин беш жыл оңдоп, сабаттарын ачсын деп бут тосуп койгондур? Же кошоматчы Кожобек Рыспаев кожоңдоп кошмат айтканын токтотсун дегендир. “Кыргызстан” партиясынын БШКга документтерин өз мөөнөтүндө тапшыра албай калгандыгы тууралуу дудуктан башкасынын бары үн салып жатышкан.
2020-жылдагы БШКнын жумушчу тобу парламенттик шайлоого катышам деген саясий партиялардын документтери менен таанышып, "лөк" партиялардын катарындагы "Кыргызстан" партиясынын документтерин лидерине кайрып берген. Ошентип, эзели аталган партиянын эсинен чыкпай калган 2 мүнөт аттуу-баштуу акчалуу, абройлуу Шаки агабызды дагы ойлонтурду да койду. Болуп өткөн ызы-чуудан кийин, Шаки шапкесин үстөлгө чаап, партиянын лөктөрүнүн баарын чакырып, чогулуш кылып, мээлерине чай кайнаткан. Андан тышкары накталай алып келген 5 миллион долларды ортого коюп, партиялаштарына шайлоо иштерин күчөтүүнү, аймактардагы жана башка штабдарды күчтөп, агитаторлордун санын 5 эсе көбөйтүүнү, пиар кызматынын штатын 2-3 эсе көбөйтүүнү катуу буйруган.
Негизи кыргыздар кечигип жүрүүнүн кесепети көп эле жолу тийет. Тээ илгери ата-бабалар күнгө карап иш кылгандай каныбызга сиңип калганбы, айтор оңолбой эле койдук. Дегенибиз менен 2 мүнөт ошол убакта талкууга түшүп, чуру-чууну жакшы көргөндөргө майдай эле жага түшкөн. Тарыхий жактан алганда “Кыргызстандын” түзүлгөнүнө 5 жыл гана болду. Партия түзүлүп жатканда эмне үчүн мамлекеттин атын алат деген ызы-чуу болгон. Андан тышкары ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн СДПКсына “клон” катары түзүп жатат деген кептер болгон. Бул партиянын “серый кардиналы” алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов. Балким, ошондуктанбы 2020-жылдын жайында парламент аяктаар алдында, ага чейин бизнесин кылып жүргөн Шаршенбек Абдыкеримов парламентке депутат болуп келди.
Ушул парламенттик шайлоо алдында эл коронавирустан кыйналып жатса “Ата-Мекен” партиясы менен биригип “таң атпай торгой сайрагандай” сайрап, ал жерден кубаланып, “Бүтүн Кыргызстанга” барып шермендеси чыгып ал жерден кубаланган Темир Сариев деген трайбалист оён бар. Шаршенбек Абдыкеримов Темир Сариевдин өкүл баласы. Өкүл атасы элдин кыйналганын уруп ойнобой тойпоңдоп жүрүп, элдин каргышына калса, өкүл баласы да аны тартып парламентик шайлоо алдында аксап турген. Былтыр Ала-Тоонун пиарына айланып, партия тандап туш –тарапка тентип жүргөн Темир Сариев өз жакындарына да жаман өрнөк көрсөтүп жаткандай. Анын биздин мамлекеттин атын «Кыргызстанды» алып жүргөн өкүл баласынын да иши чатакка айланып 2020-жылы Ала-Тоонун кара пиарына айланып учуп турган. Бул жерде эмне жаңылыштык кетти, эмне үчүн документтерин мурунураак өткөрүүгө ашыгышпай саамактап туруп алды деген кеп бар. Ошол шайлоодо кайсы партия жеңишке жетишерин электорат аныктамак. Темир Сариевдин партиядан партия тандап парламенттик шайлоого катышпай калганын эл билет, андан соң Темир Сариевдин өкүл баласы Шаки жетектеген «Кыргызстан» партиясынын башына да мүшкүл иш түшкөн.
Ушундай жаман окуялардын чыгышына эки себеп болгон. Биринчиден, 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун элдин талабы менен эсептешпей коронавирустун убагында өткөнү. Экинчиден, мейли коронавирустун убагында өтсө, ушул убакка дал келип калды да. Темир Сариев да, Шаршенбек Абдыкеримов да колунда күч кубаты бар олигархтар шайлоону баштаар алдында кыргызча аксакалдарды чакырып бата алып коюш керек эле. Ишти Сариев чамгарактап баштаса, Шаршенбек Абдыкеримов тоготпой баштаган. Шаршенбек Абдыкеримов БШК эмне кылар эле деп көп тоготпогондун натыйжасын көргөн. Бул партия спикер болуп жүрүп ар кошкон сөзгө тили келбеген Дастан Жумабековдун үстүнө Тазабек Икрамов сыяктуу тантыктарды кошуп алып үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат алып, бул парламенттик шайлоонун аягы эмне менен чечилгенин эл билет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg