www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 14-декабрда Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиядагы Эл аралык инвестиция жана бизнес конфедерациясынын жетекчиси Незакет Эмине Атасой менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы көптөгөн маселелер, айрыкча энергетика жана курулуш жаатындагы долбоорлордо кызматташтык боюнча чечим кабыл алынды.

Ошондой эле эки өлкө ортосунда өз ара экспорттун жана импорттун өнүгүшү үчүн комиссия түзүлөрү кабарланды. Түрк инженерлери менен ишкерлери 2021-жылы Кыргызстандагы энергетика жана курулуш объектилерине саякат уюштурмак болушту.

Статистикалык маалыматтарга караганда, 2019-жылы Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү 400 млн. долларды түзгөн.
Эске салсак, Түркиядан Кыргызстанга азык-түлүк, жеңил өнөр жай товарлары, курулуш материалдары жана медициналык жабдыктар ташылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости