www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн Москва районунун соту Петровка мечитинин имамы К.А. боюнча чечимин чыгарды. Бул боюнча соттон кабарлайт.

Ал, 2018-жылдын 13-сентябрында болжол менен 15:30төр чамасында Ратмир (аты өзгөртүлдү) иштеген Беловодск айылындагы рентген-кабинетке келген. Айыпталуучу, аны оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, халатын, майкасын айрып жана денесине залал келтирген.

Экспертизанын жыйынтыгы менен Ратмирдин  денесиндеги залал аныкталып, манжасы катуу жабыркаган.

Имамдын айтымында, ал 11-сентябрда келип, рентгенге түшүп, 100 сом төлөгөн. Эртеси аялы келип, рентген тарттырып 200 сом төлөптүр. Уруш ушу 2-рентгендеги ашыкча 100 сомдон чыккан.

Рентгенолог, аялынын 2 тишин тартканы үчүн 200 сом алгандыгын түшүндүргөн.

Бирок,100 сомдун айынан уруш чыгып,милиция чакырышкан. Сот имамды кечирим суроого жана моралдык-материалдык жактан айыпка жыккан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости