www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 371 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 69, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 126, Ош облусунан – 11, Талас облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 36, Жалал-Абад облусунан – 86, Баткен облусунан – 26, Нарын облусунан – 3 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 73 178 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 562 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 64 711ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 114, Ош шаарынан – 24, Чүй облусунан – 99, Ош облусунан – 48, Ысык-Көл облусунан – 50, Жалал-Абад облусунан – 109, Баткен облусунан – 68, Нарын облусунан – 11, Талас облусунан – 47.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 4 адам: Чүй облусунан – 1, Ош облусунан – 2, Талас облусунан – 1. Жалпы саны 1275ке жетти.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости