www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ШКУ өлкөлөрү аралык үзгүлтүксүз оор жүк ташууларды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Бул тууралуу Артем Новиков Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин видеоконференция форматында өткөн 19-кеңешмесинде билдирди.

Ошондой эле Артем Новиков өз сөзүндө бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүк ташууларды үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштөө маселесине өзгөчө басым жасады.

«Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууну ишке ашырууда «жашыл коридорлор» механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кирүү жана чыгуу тартибин жана процедурасын жөнөкөйлөштүрүү мүмкүндүгүн кароону сунуштайт», - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, Новиков санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул ШКУ өлкөлөрүнүн экономикасынын жогорулашына жана уюм алкагындагы толук кандуу санариптик күн тартипти ишке ашырууда кошумча түрткү болуп бере алат.

Андан соң ал ШКУ өлкөлөрүнүн биргелешкен кооперацияны өнүктүрүүдө кызматташтыгын тереңдетүү зарылдыгын белгиледи, бул өз кезегинде экономикалык өсүшкө, жумушсуздук деңгээлин кыскартууга жана ШКУга мүчө мамлекеттердин элинин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Сөзүн жыйынтыктап жатып Артем Новиков кыйын кырдаалда өз-ара колдоо көрсөтүү жакшы коңшулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка негиз түзөөрүн белгиледи.

«Учурдагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктуулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними», - деди Новиков. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости