www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө мурунку биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берет. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Финансы полициясы мурунку биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча ишти тергеп жатат.

“Тергөөнүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатылып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирди. Кийинки жумада, Сарпашев жогоруда аталган жер тилкелерин Токтогул районунун Торкен айылынын балансына кайтарып берет”,-деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы сотко чейинки өндүрүштү улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости