www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Райымбек Матраимов бир жөн гана жоокер, жалгыз аны күнөөлөгөн туура эмес. Ал Алмазбек Атамбаев, Бажы кызматынын ошол кездеги төрагасы Кубанычбек Кулматовдор колдонуп, алардын курмандыгы болду. Себеби Бажынын башында алар башында турган. Алар дагы чогу жеп жүргөн”.  Мындай пикирин жазуучу, Чолпонбек Абыкеев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--“Райымбек Матраимов бир жоокер. Анын ордунда мен болсом ошондой болмокмун. Ал ошол системадагы орунга алардын тапшырмасын аткарам деп бардыда. Бул эл аралык система болгондуктан башка баардык өлкөлөр оойт. Мисалы Казакстан, Россия жана башкалары. Бул көрүнүш Советтер Союзунун аймагында түзүлүп калган система. Райымбек Матраимов ошол  оор системанын курмандыгы болду. Башында турган Алмазбек Атамбаев, Кубанычбек Кулматовдор Матраимовду колдонуп кеткендей болду. Райымбек Матраимов жалгыз жебейтда, ал ачык дагы айтпай жүрөт. Ал эми Кытайдын 7 миллиард долларлык товары өткөн. Бирок Кыргызстанга 700 миллион доллар болгон товар эле өткөн экен.  Ортодо 6 миллиард 300 миллиондун товары жок болуп кетти. Бул тууралуу Атамбаев билет. Ал өзү, төрага баш болуп бөлүшүп келишкен. Эгер Матраимов жалгыз жей турган болсо төраганы чакырып сураса болмок. Бул система сазга батып калган оор тармак. Андыктан муну оңдоо кыйын”,-дейт Абыкеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости