www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-январда Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана өлкөнү башкаруу формасын (президенттик же парламенттик) аныктоо үчүн референдум өттү. Өлкөдө саат 08:00дө ачылган шайлоо тилкелери саат 20:00дө жабылды. Ал эми чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссиялары жергиликтүү убакыт менен иштешет.
Бул жолу Борбордук шайлоо комиссиясы 17 талапкерди каттаган.
Өлкөнүн аймагында 2474 шайлоо тилкеси ачылып, шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 млн 563 миң 574 жаран катталган.
Ошондой эле, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси уюштурулуп, 49 миң 479 шайлоочу катталды.
Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында президенттик шайлоо 7 жолу өтүп, бир ирет референдум аркылуу өткөөл мезгилдеги президент дайындалган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg