www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 11-12-декабрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Колбашчылыгында Ички аскерлеринин Колбашчысынын орун басары полковник Марат Нуралиевдин, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Азия регби федерацияларынын жана спорттук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда, Кыргызстанда регбини өнүктүрүү боюнча тегерек стол болуп өттү.

 

Бул иш-чаранынын алкагында региондордогу жаш балдардын, студенттердин, үйрөнчүктөрдүн арасында регбинин өнүгүүсү жана 2021-жылда эл аралык мелдештерге катышуу жөнүндө негизги тенденциялары талкууланды.

Ошондой эле, тегерек столдун катышуучулары келекчектеги ушул спорттун өнүгүшү боюнча да жеке өздөрүнүн тажырыйбалары менен бөлүшүштү.

Дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, COVID-19 илдетин алдын алуу жана санитардык-гигиенаны сактоо боюнча маселеси да четте калган жок.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, катышуучулар негизги күчтү бирдиктүү форматта алып баруу маанилүү экендигин белгилеп кетишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости