www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

BBC дүйнөлүк кызматы 2020-жылдагы таасирдүү жана үмүт жараткан 100 айымдын тизмесин жарыялады. Бул тизмеге кыргызстандык Көзү азиздер федерациясынын башчысы, активист Гүлназ Жүзбаева да кирди. Ал өкмөттүк документтердин Брайл шрифтине өткөрүүгө тынымсыз аракет кылып, көзү азиздердин социалдык адаптациясы боюнча программаны ишке ашырганы үчүн тизмеге кошулган.

“Кыргызстанда 5000ден ашык көзү азиз адам бар. Алардын көпчүлүгү үчүн маанилүү мамлекеттик документтер менен тааныша албайт. Көзү азиздер федерациясынын башчысы Гүлназ Жүзбаева бул документтердин Брайл шрифтине өткөрүлүп, жеткиликтүү болушу үчүн тынымсыз иштеп келет”- деп жазган BBC.

Жылдын таасирдүү айымдарынын тизмесинде бир орун бош калтырылган. Ал коронавируска каршы күрөштө өз өмүрүн тобокелге салып күрөшүп жаткандарга урмат катары белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости