www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга бүгүн, 11-июлда коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын кезектеги партиясы алынып келди. Вакцинаны тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри катышты.
Марипов өз сөзүндө Кытай тарабынан акысыз негизде Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келгендигин айтты.
"Андан тышкары, Кыргызстан кытайлык вакцинанын 1,1 млн дозасын сатып алды. Министрлер кКабинетинин аталган кадамы Кытайдын өкмөтүнүн Кыргызстанга эмдөөлөрдү жеткирүү тууралуу өз учурундагы чечимине жараша орун алды жана өлкө тургундарын вакцинациялоо темпин тездетүүгө жана COVID-19 дарты менен ооругандардын жана андан каза болгондордун санын кыскартууга мүмкүндүк берет", - деди Марипов.
Булак: NazarNews.kg