www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Гонконг иштери жалгыз гана Кытайдын ички иштери, ал эми “Беш Көз” (Пять глаз) альянстагы өлкөлөр Кытайдын эгемендигине жана коопсуздугуна шек келтирүүгө батынса, сокур болуп калуу коркунучу бар”- деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзян бейшембидеги брифингде.
Буга чейин Австралия, Жаңы Зеландия, Улуу Британия, Канада жана АКШнын мамлекеттик катчылары Тышкы иштер министрлери Кытай бийлигин Гонконгдун депутаттарын шайлоодон четтетүү саясатын кайра карап чыгууга чакырышкан. Беш өлкө чалгындоолордон маалымат бөлүшүү жана координациялоо боюнча беш көз альянсынын мүчөлөрү.
“Беш көзү барбы же он көздүүбү, эч нерсеге карабастан, алар Кытайдын эгемендигине, коопсуздугуна жана өнүгүү кызыкчылыгына доо кетирүүгө батынса, көздөрүн сокур кылып коебуз”, - деди дипломат.
Ал "Кытай катуу нааразычылыгын билдирип, тийиштүү өлкөлөр тарабынан эл аралык укуктун жана эл аралык мамилелердин негизги ченемдеринин одоно бузулушуна, ошондой эле Кытайдын ички иши болгон Гонконг маселеси боюнча алардын жоопкерчиликсиз сөздөрүнө караманча каршы"- деп баса белгиледи.
Дипломаттын айтымында, КЭУ Туруктуу комитети Гонконг Мыйзам чыгаруу жыйынынын мүчөлөрүнүн квалификациясын Конституциянын, Гонконг Негизги Мыйзамынын жана Гонконгдун Улуттук Коопсуздук Мыйзамынын тиешелүү жоболоруна ылайык чечет. Анын айтымында, "бир өлкө, эки система" принцибин сактоо жана өркүндөтүү, Гонконгдо мыйзамдуулукту жана конституциялык түзүлүштү камсыз кылуу үчүн "ал конституцияга жана мыйзамга ылайык акылга сыярлык".
Буга чейин, Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл Конгрессинин Туруктуу комитети өз отурумунда Гонконгдун Мыйзам чыгаруу жыйынынын мүчөлөрүн мандаттарынан мөөнөтсүз ажыратуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө резолюция кабыл алган, алардын иш-аракеттери улуттук коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн деп маалымат берилген.
Булак: NazarNews.kg