www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Эксимбанкынан алынып Бишкек ЖЭБине коротулган 586 млн долларды кайтаруунун максималдуу мөөнөтү - 20 жыл. Бир жагынан бул өтө кыска мөөнөт болсо, экинчи жагынан анын үстөгү да кымбат. Т. а. 386 миллионду 492 млн доллар кылып кайтарышыбыз керек. Мындай шарттар бир эле ЖЭБге эмес Кытайдан алынган Датка-Кемин ЛЭПти Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруу боюнча долбоорлорго да тиешелүү.
Баштагы Каржы министри тажрыйбалуу экономист жана ЖКнын үч жолку чакырылыштарынын депутаты А. Жапаров Кыргызстан сырткы карыздарды төлөөнүн эффективдүү жолдорун сунуштаган. Мисалы, ал тарабынан демилгеленип Жогорку Кеңеште кабыл алынган Бюджет Кодексин алалы. Аталган Кодексте биринчи жолу өлкөнүн бюджеттик резервин түзүү өзүнчө чоң бөлүм болуп кирди. Бул деген өлкө экономикасынын оорлошуна же болбосо мамлекетке карата согуш коркунучу пайда болгондо жана башка техногендик катастрофалар үчүн өкмөттө сөзсүз резерв каражат сакталып туруусу керек дегенди түшүндүрөт.
Албетте, бетин ары кылсын, бирок күтүлбөгөн жагдайда Кыргызстанды кыйгап кетпей апаат салышы мүмкүн. Ага Өкмөт ар дайым даяр турушу шарт. Тилекке каршы, биздин бюджетте дегеле акча топтолбойт, ар качан таңкыстык өкүм сүрөт. Депутат А. Жапаровдун ою боюнча карызды кайтаруунун кыйын кезеңи башталганча, т.а. 2023-жылга чейин Өкмөт резервине 500 млн доллардан 1 млрд долларга чейин 3 жылдык запас менен акча топтошубуз керек. Эгер биз мындай көрсөткүчкө жете албасак, анда экономикабызга гана эмес, кез карандысыздыгыбызга да катуу сокку жаралат.
Экинчиден, тышкы карыздарды тейлөө жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн КРнын Президентинин алдында атайын өкүлчүлүктү түзүү керек. Өкмөт улам-улам алмаша бергендиктен, туруктуу өкүл пайда болуп, ал кредитор чет мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү күчөтүп, Эксимбанктан алынган карызды үчүнчү тарапка өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн караса болот. Экономика жаатында жаныбызга ишенимдүү өнөктөш таппасак абалыбыз кыйындайт. Мында көп жылдардан берки "шилекей" алышып көнгөн Россияны кармансак туура болчудай. Анткени, учурда Россиянын сырткы карызы анча көп эмес. Буга чейин деле Россия СССР ураганда анын курамына кирген мамлекеттердин карызын өзүнө алып келген. Ал азыр деле биздин 2 млрд доллар тышкы карызыбызды өзүнө алып коюшу мүмкүн. Ал үчүн биз Россиядан 20 жылга эмес, 40 жылдык кылып насыя алып, өзүбүзгө каттатышыбыз керек.
Үчүнчүдөн, сүйлөшүү жолу менен Эксимбанктын карызын Кытайдын финансы министрлигине өткөрүп беришибиз керек. Мындай учурда эки өлкөнүн президенттери, Өкмөт башчылары саясый чечим кабыл алып, карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартканга жол ачылат. Эгер 20 жылдан 40 жылдык мөөнөтке узартып ала турган болсок, карызды 50 пайызга азайткан болобуз.
Кытайдан карыз алган мамлекеттердин, айрыкча бизге окшогон экономикасы "көтөрөм" мамлекеттердин тагдыры кандай болгонун турмуштук фактылар көрсөтүп турат. Кытайлар Африка өлкөлөрүнүн биринин карызы үчүн ал мамлекеттин Финансы министрлигине өз өкүлүн алып барып отургузуп койгон. Пакистандын бир портун 49 жылга, Шри-Ланканын бир портун 99 жылга алып койгон. Ал эми биздин карыздарда да кооптуу жагдайлар ого бетер көп. Эгерде эки тараптын ортосунда талаш жаралчу болсо, ал Гонконг шаарында, кытай тилинде жана кытай мыйзамдары менен карала тургандыгы макулдашууда көрсөтүлгөн. Карызды өз убагынан бир саат кечигип төлөй турган болсок, Эксимбанк карыздын калган бөлүгүн ошол күнү төлөтүп алууга шарт койгонго акысы бар. Убагында төлөбөй турган болсок Кытайдын акчасы сарпталган долбоорлордун баарын башкаруу Эксимбанкка өтөт. Келишим ушундай түзүлүп, ратификациядан өтүп, мыйзамга экс-президент А. Атамбаев кол койгон. Айтор, миллиарддан ашык калкы, 3 миллион армиясы бар Кытай менен абайлабасак болбойт. Азырынча көнүп калган элибиз таш менен кууп чыгып атат, кийинкиси кандай болоор экен?! -деп “Жаңы Ордо” гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg