www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кытайлык инвесторлордун 397 ишканасы, 177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Бул тууралуу  Кубатбек Боронов өлкө аймагындагы Кытай жарандарына байланыштуу абалга түшүндүрмө берип жатып билдирди.

- Кытай башкы инвесторлорубуздун бири болуп саналат. Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2018-жылы – 3,8 млрд. сомду (2017-жылга салыштырмалуу өсүү 20%) түзгөн,- деп билдирди Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, Кытай мындан сырткары, Кыргызстандын мамлекеттик долбоорлоруна 2,1 млрд. АКШ доллар кайтарымсыз каражат берген. Бул акча жол инфрастуктурасын жана энергетикалык секторду жакшыртууга багытталган. Маселен, Бишкек шаарында жолдорду реконструкциялоо жана курууга 100 млн. АКШ долларынын тегерегинде каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, Ош шаарында 26,4 млн. АКШ долларына бааланган заманбап оорукана комплекси курулган.

- Айрым билдирүүлөрдө эгерде Кыргыз Республикасы Кытайга болгон карыздан кутулбаса, өлкө аймагынын бөлүгүн берүүгө мажбур болот деп айтылууда. Бул чындыкка жатпайт, мындай келишим жок жана болуусу мүмкүн эмес. Бул теманы биздин эки тараптуу мамилелерге зыян келтирүүгө аракеттенген адамдар жайылтууда. Буга байланыштуу жарандарды деструктивдүү мүнөздөгү жалган маалыматтарга алдырбоого чакырам,деди биринчи вице-премьер-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости