www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун менен Текебаевге берилет, берилбейт деген мунапыс тууралуу сүйлөштүк. Роза Отунбаеванын ырайым суроосуна эмне үчүн каршы чыгып жатканын себебин сурадык.

-Турсунбек мырза, бир кездеги  досуңуз, жакшы санаалашыңыз Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу маселесинде негедир каршы чыгып, ал демилгени көтөргөн Роза Отунбаеваны сындап чыктыңыз.  Текебаевге ырайым кылынышына неге каршы  болуп жатасыз?

-Чынын айтсам, Текебаевдин эркиндикке чыгышын мен да каалайм. Бирок, ал  эркиндикке ырайым кылуу жолу менен эмес,  акталып чыгышы керек деген позициядамын. Ошон үчүн Роза Отунбаева баштап, парламенттеги алты  фракция башчылары кош колдоп колдогон  ырайым сураган өтүнүчтөрүнө  каршы чыгып жатам.  Себеби, экс-президент Роза Отунбаева бул аракети менен  президент Сооронбай Жээнбековду мыйзамсыз кадамга барууга түртүп жатат. Чынында  "Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым кылуу жөнүндө" мыйзымдын 14-беренесинин негизинде соттолгон адам өзү президентке ырайым сурап кайрылышы керектиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле мамлекет башчысы Текебаев өзү мунапыс сурап, кайрылбаса, ырайым бере албасын   баса белгилеген. Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдыгын утурлай экс-президент Роза Отунбаева  Текебаев өзү  ырайым сурабай турганын  билдирсе да, ырайым берүү өтүнүчү менен президентке кайрылды.  Макул Отунбаева мыйзамды  билбейт экен. Ал гуманитардык билимге ээ экен дейли. Бирок, анын демилгесин колдоого алган мыйзам чыгаруучу органдын башында турган алты фракция башчысы да мыйзамга каршы келген ишти колдоого алганы таңгалдырды. Фракция башчылары бул аракеттери менен өздөрү жоопкерчиликтен качып, президентти мыйзамсыз кадамга барууга түртүштү.

 -Сиздин позицияны да колдогондор болдубу же Текебаевге каршы чыгып аткандай кабылдап жатышабы?

-Мыйзамдын күңгөй-тескейин түшүнгөн Бекболсун Бөрүбашев, Кайрат Осмоналиев, Азимбек Бекназаров, Мукар Чолпонбаевге окшогон мыкты юристтер менин позициямды колдоп, туура маселе көтөрдүңүз деп кубаттап жатышат. Текебаевге жүрөгүмдүн ак экенин билгендер да бар. Бирок,  бул аракетимди ага каршы чыгып жаткандай көргөндөр да жок эмес. Мен Текебаевге да, Сооронбай Шариповичке да жагайын деген жокмун. Мен мыйзамды сактайлы деп  жатам.  Менин бул аракетиме  Текебаев туура түшүнөт деп ойлойм. Ал  жамандык каалабасымды, биротоло акталып чыгышына жол издеп жатканыбызды билет деген ойдомун. Менин пикиримде Текебаев жаңы ачылган жагдайлардын негизинде иши кайра каралып, ошонун алкагында акталып чыгышы керек. Мен эмес Текебаев да , маселени мунапыс менен чечүүгө каршы экенин адвокаты Искен Афиджанов  аркылуу билдирди.

-Бирок, президенттик аппаратта мунапыс берүү боюнча иш каралып жаткандай го?

-Мунапыс берүү боюнча комиссия иштеп жатат. Буюрса, саясий туткундар ошол мунапыс мыйзамы менен эркиндикке чыгып калат деген үмүттөмүн.

-Текебаевдин иши кайра каралышы керек дегениңиз менен Башкы прокуратура анын ишин кайра кароонун  зарылчылыгы жок деген чечим чыгарды эле го?

- Башкы прокуратура андай чечим чыгарганы менен парламенттеги Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча комитет Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар эске алынышы керек деген чечим чыгарды. Эми Башкы прокуратура баштагы чечимин жокко чыгарып, жаңы жагдайларды эске алып, тагыраак айтканда ага каршы көрсөтмө берген Маевский камакка алынгандан кийин баштагы чечимин жокко чыгарып, Текебаевдин ишин кайра карашы керек.

Негизи Башкы прокуратура Текебаевдин ишин кайра кароодон эки ай мурун баш тартканда Текебаевдин адвокаттары билдирүү таркатуу менен эле чектелип  калбай, Башкы прокуратураны сотко берип коюшса мыйзам жагынан да утуш болмок.  Аны мен эмес Азимбек Бекназаров да  айтып жатат.

-Турсунбек мырза, укук тебеленген жерде жүрөсүз, тубаса укук коргоочусуз.  Кытайлар Кыргызстанды басып кетти деп митинг уюштурушса, айрым жарандарыбыз  алар кайсы бир күчтүн кызыкчылыгын ишке ашырып жатат деп митингге чыккандарды сындап жатышат. Бул боюнча кандай ойдосуз?

-Кытайлар кендерди мыйзамдуу да, мыйзамсыз да жол менен иштетип жатканы чындык. Аз-маз акчасына алданбай мамлекетибизди сактап, эч кимге бастырбашыбыз керек. Ошол эле учурда Кытайлар менен да мамилебизди бузбашыбыз керек. Ал тургай, Кыргызстандын жарандыгын алган кытайлык кыргыздар кытайдагы түзөтүү колониясына камалып калса, аларды чыгарууга да киришишибиз керек.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости