www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин Индияга эс алууга баруусу олигарх досу Булаттын жеке учагын бербей койгону үчүн токтоду деп "Фейсбуктагы" "Инсайдер Кыргызстан" тайпасы жазып чыкты.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев буга чейин пландаганындай 11-январдан 21-январга чейин Индиянын курорттук зонасына үй-бүлөсү менен эс алууга баралбай калганы маалым болду. Муну КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, «Мында эч кандай саясат жок» деп элди ишендиргиси келди. 

Буга чейин ушул эле Кундуз айым экс-президенттин эс алууга кетип атканын, анын да эс алууга укугу бар экенин айтып, «Мында эч кандай саясат жок» деген эле. Ошол эле убакта Атамбаев Индияга Булат аттуу казак олигархынын жеке самолету менен уча турганы да белгилүү болгон. Коомчулукта: «Атамбаев ал жеке самолетко акчаны элден уурдаган акчасынан төлөйбү же казак олигархы ага колдоо көрсөтүп атабы? Эгерде колдоо көрсөтүп атса, анда ал колдоосу үчүн кандай ыраазычылык үмүт этип турат?» деген суроону кабыргасынан коюп атышкан.

Айтор, ошентип АША Индияга уча албай калды. Ишенимдүү булактардын кабарлашынча, экс-ажонун сапар тартпай калышына ошол казак олигархынын жеке самолетун бере албай калганы себепкер экен. Муну уккан казак бийлиги Булат мырзаны өзүнө чакырып: «Өз элине батпай калган адамды неге самолетуна отургузуп атасың? Өз элин талап-тоногон, эми болсо өз өлкөсүндө дестабилдүүлүк кылгысы келип аткан адам менен мамиле кылып атканың кандай?» деп жарга такашкан экен. Анан Булат мырза АШАга байланышып, самолетун бере албай турганын билдириптир. Мындай мамилени күтпөгөн Атамбаев кечетен бери «бөдөнөнүн сүтүнөн» өкүртө ичип атат дешет. 

2017-жылдагы ажо жарышта Атамбаев Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариевди өтө катуу сынга алганын билебиз. «Казактардан жардам сурап жүрүшөт» деген эле ошондо, ага дагы бир топ сөздөрдү кошуп. Эми болсо өзү казак олигархынын самолетуна көз каранды болуп отурат. Анан дагы «мен 1990-жылдардын башында эле доллар менен миллионер болчумун» деп мактанып койгонун кантели. Эгер ошондой болсо анда Кыргызстандагы авиокомпаниялардан деле бир самолетту жалдап албайт беле? Ар-намыс деген куру жалак калган адамга канча айтсан деле түшүнбөйт тура...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости