www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда «идеологиялык жактан тарбиялоого алынган» этникалык уйгур, казактардын балдарын да «тарбиялоо» иштери жүрүп жатат. Бул жөнүндө италиялык «Bitter Winter» журналы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык «тарбиялоо борбору» жана «техникалык даярдоо» деп аталып жүргөн идеологиялык лагердин «тарбиялануучуларынын» балдары жатак мектептерге жиберилип, окуп жатышат. Бир нече мектеп жана балдар бакчаларын камтыган окуу мекемеси «Айшин» деп аталат. Кыргызча сөзмө сөз которсок «сүйүүчү жүрөк» деген маанини берет. «Айшиндин» жатак мектептеринин тегереги сым тор менен тосулуп, тыкыр кайтарууга алынган. Сырткы дүйнө менен дээрлик байланыш жок. Окуган балдарга ата-энелери менен айына бир гана жолу байланышууга уруксат берилет. Кабарлашуу видео байланыштын негизинде гана ишке ашырылат.
«Айшинде» окутуу кытай тилинде жүргүзүлөт. Мындай жатак мектептин бири Казак автоном округунда, Чапчал айылында жайгашкан. Имараттын кире беришинде текшерүү-көзөмөлдөө пункту орнотулган. Жабык мектептеги абал менен таанышууну каалаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн да каттоого алып, жеке буюмдарынан тартып тыкыр текшеришип, анан киргизишкен. Окуу мекемеси өткөн жылдын август айынан бери үзүрлүү иштеп келет.
«Бул балдардын укугун бузгандык.» - деп жазат «Bitter Winter» журналы. Ал эми Кытайдагы адам укуктары темасын талкууга алган ЕС өкүлдөрү «саясий жактан тарбиялоо лагерлеринин» абалы боюнча кооптонууларын билдиришти.
Булак: NazarNews.kg