www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер 2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылабдын себебин изилдей турган болсок, Кытайга аянты 90 миң квадрат километр келген Үзөңгү-Кууш аймагынын Кытайга берилип кетишине жана ал кездеги президент Аскар Акаевдин чечимине каршылык көрсөткөндөрдүн ачкачылык жарыялап, алды (Шералы Назаркулов) каза болгондугуна барып такалат. Бирок акыркы мезгилдеги эл менен бийликтин ортосундагы тирешүү же пикет, митинг сыяктуу саясый акциялар кен алтын баш болгон кен байлыктардын чет элдиктерге ит бекер берилип кетүүсүнө байланыштуу болууда.

Бул багытта ал тургай тигил же бул аймактын жашоочулары №1 оппозиционер Адахан Мадумаровду атайын чакыртып, жалындуу сөздөрүн сүйлөтүп, “батасын алууну” модага айлантып алышууда. Эл, карапайым калк кен байлыктарыбыздын жергиликтүү эле шылуундар тарабынан жең ичинен менчиктештирилип, андан соң чет элдик акчалуу инвесторлорго сатылып жаткандыгына нааразы болушууда.

Сыягы, элдин Кудайга жеткен бул арманы бүгүнкү бийликтегилерге, Ак үйгө да жеткен окшойт, жакында болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында ушул маселе каралды. Ал тургай  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети терең иликтөө жүргүзүп, кеңири маалымат таратты. Анда  жер казынасын пайдалануу жаатындагы маалыматтарга жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй кен казуу тармагы экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычы болуу менен бирге терс мүдөөлөрдүн объектиси болуп, улуттук коопсуздук тармагындагы коомдук, экологиялык, техногендик коркунучтарга түздөн-түз таасирин тийгизип жаткандыгы баса белгиленген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан бул багытта төмөнкү коркунучтар аныкталды:

- мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөр;

- жер казынасын пайдалануудагы айрым тармактардын криминалдашуусу;

- экологиялык коопсуздукка түздөн-түз кедергисин тийгизген көйгөйлөр;

- жергиликтүү калк менен кен казган ишканалар ортосунда чыккан карама-каршылыктар жана социалдык чыӊалуу.

Кен казуу тармагын жөнгө салуу боюнча учурдагы ченемдик укуктук актылардагы кемчиликтер, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын натыйжасыз жана сарамжалсыз иш алып баруусу жогоруда көрсөтүлгөн коркунучтардын бирден-бир себептери болууда.

Лицензиялардын бир бөлүгү (көбүнчөсү алтын өндүрүүгө) башынан эле өндүрүштү уюштурууга же мамлекеттик запасты толуктоо үчүн эмес, лицензияны алып-сатууга (спекуляция), эл аралык фондулук биржалардагы менчик компаниялардын активи катары запастарды сатууга берилип келген.

Учурда лицензияны алып-сатуунун натыйжасындагы жоготууну азайтуу максатында кен казууга лицензиясы бар жергиликтүү компаниялардын негиздөөчүсү алмашкан учурда (көпчүлүк учурда лицензияны кайра сатканда негиздөөчү алмаштырылат) мамлекеттин бюджетине төлөм киргизилген.

Бирок Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиясы бар чет өлкөлүк компаниялардын негиздөөчүлөрү алмашкан учурда төлөм жүргүзүлбөйт, бул жагдай компаниянын чет өлкөдө сатылышына жол ачат. Мисалы, 2017 жана 2018-жылдары 444 компанияда негиздөөчү алмашкан. Бул лицензиялардын сатылганы катары бааласа болот, бирок мындан бюджетке эч нерсе түшкөн эмес. 

Көрүлүп жаткан чараларга карабастан мыйзамсыз түрдө баш аламан алтын чайкаган адамдардын иши көзөмөлсүз бойдон калууда. Бул көйгөй өзгөчө чет өлкөлүк инвесторлор расмий түрдө кен казып иштеткен жерлерде өзгөчө актуалдуу.

Өлкөнүн экологиялык коопсуздугуна терс таасир тийгизген калдык сактоочу жайлар кен казуу тармагынын актуалдуу көйгөйү бойдон калууда. Жыл өткөн сайын алардын айрымдарынын бузулуу коркунучу жогорулап келет. Бул жайлардын экологиялык, социалдык жана экономикалык коркунучтарына карабастан бул маселеге жетиштүү көӊүл бурулбай келет. Атап айтсак 2010-жылдан 2018-жылга чейин мамлекеттик бюджеттен калыбына келтирүү ишине болгону 76 млн. сом бөлүнгөн. Муну менен катар калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо ишинин негизги бөлүгү эл аралык донорлордун эсебинен жүргүзүлүүдө.

2018-жылдын декабрь айында КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурунку төрагасы жана КР мурунку вице-премьер-министри Д.Зилалиевге “мыйзамсыз баюу” фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүү көрсөткөндөй анын жетекчилиги учурунда эгемендик жылдары берилген лицензиялардын үчтөн эки бөлүгү берилген.

Териштирүүнүн жүрүшүндө аффилирленген адамдарга, туугандарына ж.б. катталган лицензияларды компанияларга сатуу фактылары ачыкка чыгарылган. Бүгүнкү күндө Д.Зилалиевдин лицензия берүү жана анын калкалоосу астындагы 13 компания фактысы боюнча материалдар териштирилип,  сотко чейинки текшерүү өндүрүшүндө.

Мындан тышкары ыйгарым укуктуу органдардын айрым кызмат адамдарынын кен казган компаниялардын ишине катыштыгы тууралуу маалыматтар бар жана алар боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.

Бул тармактагы коррупциялык абалдын айрым мисалдары гана болуп саналат.

2012-жылдан 2018-жылга чейин Антикоррупциялык кызматтын материалдарынын негизинде 74 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыян 949 млн. 500 миӊ сомду, кайтарылган сумма 448 млн. 700 миӊ сомду түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости