www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сулуулугу менен өч алган кыз

Пластикалык хирургиянын сүйүүчүсү учурда аны таарынткандарга ыраазы.

Вьетнамдык Нгуен Туонг Ви 17 жашында сулуу жигит менен сүйлөшүп жүргөн. Окуучулар бири-бирин катуу сүйүп калгандай сезилген. Жигит да кызга аны кандай болсо ошондой сүйөрүн айткан, бирок эмнегедир аны достору менен тааныштырган эмес.

Бир жолу Нгуен дагы сүйүктүүсүнүн досунун туулган күнүнө барып калып, анын себеби аныкталган. Жигити кыздын сырткы келбетинен улам уялып жүргөн. Коноктор сымбаттуу жигиттин мындай кыз менен сүйлөшүп жүргөнүнө таң калышып, аны сөөмөйү менен көрсөтүшкөн. Нгуендун жашоосунда бул учур өзгөрүүгө, чечим кабыл алууга түрткү болгон. Кыз мектептеги сүйүүсүнөн айрылууну чечкен жана жигит такыр каршы болгон эмес.

Көп өтпөй, жигити жергиликтүү сулуу менен мамиле түзүп, Нгуен өзүн ого бетер жек көрө баштады,-деп жазат “Oddity Central”. Кыз апасына сезимдерин айтып, ал кызын колдоп, анын пластикалык операциясынын акысын төлөөгө макул болгон. Төрт жылдан кийин Нгуен таанылгыс болуп калды. Мурунку жигити эми бармагын тиштеп калган жана Нгуен дагы анын достору сыяктуу аёосуз болуп, сулуу эмес адамдар менен достошууга даяр эместигин айтып келет.

“Мурунку жигитимди төрт жылдан бери көрө элекмин. Бирок ал дагы деле социалдык тармактарда менин баракчамды акмалап, күн сайын менин сүрөттөрүмө лайк коёт. Мен аны күнөөлөп жүрчүмүн, бирок эми кайрадан ошол абалга келип калсам, мен дагы сулуу эмес адамды өз досторума тааныштыра алмак эмесмин. Мен мурдагы жигитиме ыраазымын деп айта алам, ал мага стимул берип, жакшырууга, өзгөрүүгө өбөлгө түздү”, – деди Нгуен Туонг.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости