www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин жол киресин  15 сомго көтөрөбүз деп Балбак Түлөбаев дердеңдеп жүрөт, эми айыл –кыштактарга жүрө туурган маршруткалар 10-20 сом кошуп көтөрүп жиберери бышык. Күнүгө жок дегенде арты 1000 сом таап, алды 2-3 миң сом таап жаткан айдоочулар элди ойлобой өз жандарын ойлошуп жол кирени көтөрүү талабы менен чыгышууда. Шопур Илмиянов мамлекеттик рулду башкарып жаткан Атамбаевдин заманында айдоочулардын айткандары «лып» аткарылып жол кире улам-улам көтөрүлүп турчу. Ал эми Сооронбай Жээнбеков президент болгон соң айдоочулар дагы жол кирени көтөрүү маселеси менен чыккан, иштесең ушул жол кире менен иште, иштебесең башкалар иштей берет деген принцип менен жол кире көтөрүлгөн эмес. Азыркы бийлик да ушул позицияны тутунса жалпы элге жакшы болмок. Эгер шайлоо өткөнүнө бир жума гана болуп, али официалдуу шайлана элек Садыр Жапаров айдоочулар үчүн элге каршы жол кирени көтөрүп, элдин кыжырына тийип, кайрадан башалмандыкка жол ачышы мүмкүн. Айлыгы аз  эл үчүн жол кирени бир-эки сомго көбөйтүү да оор тийет. Анткени, кээ бир үйдө канча адам жумушка барып келсе, канча бала мектепке барып келип жатат. Андай болсо айлыкты да көтөрүш керек.
Мурун айтылгандай эгерде маршруттук автобустун айдоочулары кайрадан иш таштаса, анда мэрия Транспорт министрлигине эл ташуучулардын лицензиясын жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылмак. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин шаардык транспорт башкармалыгынын убактылуу башчысы Улан Бейшенбаев брифингде билдирген. Ал белгилегендей, Бишкек мэриясы айдоочулар талап кылган жол акыны көтөрүү маселесин кароого даяр эмес. "Бирок ал маселе убагы келгенде каралат" деп Улан Бейшеналиев бир нече жолу кайталап, бирок, бул тууралуу кененирээк сөз кылган жок. Бейшеналиев транспорттук компаниялардын жетекчилерине эскертүүлөр берилгенин кошумчалаган. Ага ылайык, эгерде маршруттук таксилердин айдоочулары ишин токтото турган болсо, анда аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлмөк. "Элди ташууга лицензияны Транспорт министрлиги берет, биз болсо аны жокко чыгаруу үчүн кайрылабыз", - деген ал. Эске салсак, апта башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан, антпесе алар ишти токтотуп коюшмак. Мэрияда кичи автобустарда жүрүү тарифтерин жогорулатуу маселесин кароо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бир жуманын ичинде айдоочулар болжолдуу сметаны шаардык транспорт бөлүмүнө тапшырышы керек. Күнүгө миңдеген сом киреше таап жаткан шопурлар элди дагы сыгып жол кирени көбөйтүүнү талап кылууда. Айдоочулар ишин таштап жатышат, ал эч нерсе эмес, жалпы эл чыга турган болсо бийликти шыпырып түшкөнүн көрүп жүрөбүз. Ошондуктан айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл кыйналып турат, элдин айлыгын көтөрөлү анан жол кирени көтөрөлү деген маселеге келиш керек эле. Кызмат машинасы менен жүргөн Балбак Түлөбаевдин жол кирени көтөргөнү жакшылыкка алып келбейт. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости