www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Курал Чокоевдин YouTube каналындагы "В пи#ду звезду" проектисинин айланасындагы жаңжал бүтпөй, тескерисинче кайра өөрчүп бараткандай... Проект элге жарыялангандан кийин көптөгөн катуу сынга кабылган Чокоев проектинен баш тартып, видеолорду өчүрүп, жумурай журттан кечирим сураган эле. Ага карабастан, калк бул окуяны талкуулоону токтотпой келет.

Алардын катарында, Facebook платформасынын колдонуучусу Азат Аманов, Курал Чокоев жараткан чуу тууралуу пикирин жазган.

“Келгиле, бир такташып алалы...

1: “Маданият тармагынын отличниги” деген наамы бар болсо да, аларды эч ким беш деген баалаган эмес. Тескерисинче, “нөл” эмес, жада калса “идиотизм” деген баага татыктуу адамдар. Бирок, бизде сөз эркиндиги болгондуктан, анча-мынча коргоочулар чыга калып аларга чаң тийгизбей коргоп жатышат.

2: Маданият министри эл алдында Чокоев менен Примбердиевдин кылыгы үчүн кечирим сурап, Чокоевден видеону өчүрүп салуусун өтүнгөн. Нуржигит Кадырбековдун өтүнүчүнө Чокоев каяша айтып, проектиси эмне болсо да уланаарын билдирген. Кадырбеков болсо проект Ютуб платформасында болуп жаткандыктан, видеолорду өчүрүп же проектти токтотуп салууга анын мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирип гана отуруп калды.

3: Радио жана ММКлар аларга бойкот жарыялап, Маданият министрлиги өз кароосунда болгон площадкаларга жол жапты. Чокоев дагы деле видеону өчүрбөй туруп алды.

4: Маданият министрлиги аларды төш белгисинен ажыратабыз деди. Ырчылар болсо, “каалаганыңарды кылгыла, биз үчүн ал эч нерсе эмес” деп коюшту. Мындан кийин элдин ачуусу дагы да күчөй баштады.

5: Маданият министрлиги Чокоевди төш белгисинен айырды. Бул окуядан кийин гана басымга кабылган ырчы катасын түшүнгөндөй түр көрсөтүп, видеосун каналдан өчүрдү. Ага карабастан, болбой эле эч кандай жамандык кылбаганын айтып, кайра эле сөз эркиндиги тууралуу айтып кетти.

6: Дароо коргоочулар чыга калып Маданият министрлигине каршы болуп, цензура кылып жатышат деп күнөөлөп, төш белгини тартып алуу министрдин эмес, соттун иши деп чыгышты. Кайра эле баягы сөз эркиндиги. Түшүндүк да.

7: Бир катар жылдыздар аларды колдоп чыгып, флешмоб уюштуруп жиберишти. “Биз да төш белгибизди тапшырабыз, сөз эркиндиги, цензурага жол жок ж.б” буга окшогон сөздөр. Ушул эле убакта башкы каарманыбыз Маданият министрлигине согуш жарыялап, маданият тармагында революция уюштурууга сөз берди”, - деп Азат Аманов окуяны баштан аягына чейин талдап чыккан.

Ошондой эле, Азат Аманов Маданият министри Нуржигит Кадырбековго кайрылуу жасап, Кыргызстандын маданиятынын денгэлин көтөрүүнү, профессионал катары жасай турчу кадамдарын мыйзам чегинде жасоону жана аты аталган жылдыздар наамдары менен сыйлыктарын эмгектенип эмес, тааныштыкка салып эле алышы мүмкүн деген божомолдорун билдирген.

“Эгерде мындай маргиналдарга баш ийип, Кыргызстандын маданият тармагын басып алып, аны “мырккультурага” айландырууга жол бере турган болсоңуз, сизди эл эч качан кечирбейт”, - дейт Азат Аманов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости