www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлогго украиналык жаңжалды 100 күндүн ичинде чечүү тапшырмасын койгон. Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы билдирди.
Басылманын баамында, "Россия президенти Владимир Путин менен макулдашууга жетишүү шайлоо өнөктүгүндө Трамп айткандай жеңил болбойт. Ал мамлекет башчысы катары кызматка киришкенге чейин бул жаңжалды токтотом деп убада берген".
Маалыматтарга караганда, жаңы президент Украина боюнча сүйлөшүү процессин өзү көзөмөлдөөнү пландоодо. Келлогдун мурдагы кесиптештеринин айтымында, ал өз алдынча чечим кабыл алган инсан эмес жана Трамптын пикирине толугу менен көз каранды. Ошондуктан Келлогду АКШ менен Россиянын ортосундагы негизги сүйлөшүүлөргө катыштырбоо чечими кабыл алынган.
7-январда Трамп жаңжалды жөнгө салуу шайлоо өнөктүгүндө айткандай 24 сааттын ичинде эмес, андан көп убакыт талап кылышы мүмкүн экенин моюнуна алды. Ал эми Келлог өз кезегинде жаңжалды 100 күндүн ичинде чечүүгө аракет кыла турганын белгиледи.