www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаровду вице-премьер кылып шайлаган депутат Улукбек Ормонов сыяктуулар иш бүткөн соң кылычтарын ташка чаап жатышат. Анткени Мадумаров өйдө карап заара ушатып, чек араны унутуп калды. Веттехниги Мадумаров вице-премьер болсо эле кыйратып, чек ара маселеси бүтүп калчудай койкоңдогон Абылгазиев чек арада чыр чыгып, эл коронавирустан запкы жеп жатса, эс алуу өргүүсүндө. Жайкы аптап да катуу ысып кетти, эс алса эс ала берсин. Анын ордуна чек арадагы «бороонго» төшүн тосуп берип Боронов жүрөт да. Боронов өзбек премьери менен сүйлөшкөнүн маалымат аркылуу эл таанышкан. Эки-үч күн өткөндөн кийин депутаттар эшиктерин бекитип алып, нөлөбөй класстын окуучуларындай эжелеп түшүндүрүп беришин сурап жаткандай. Депутаттарга түшүндүрүп койбосо, эми үгүт жүргүзгөн маалда кереги тийет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости