www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Бек Борбиев күзүндө боло турган шайлоону кеп кылып, өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып чыкты.

“Урматтуу шайлоочулар, келе жаткан шайлоо-келечекти чечүүчү шайлоо. Мурдагы өлкөнү тоногон, кылмыштуу мыйзамдары менен мамлекетти сазга батырган депутаттардан арылалы. Ушул парламенттин, дегеле мурдагы экс депутаттарды жолотпогула.(анткени жаңы парламентке 70-80 пайыз мурдагылар келгени турат). "2, 3 же 4 созывтын депутаты болуп келатам" дегендерди таптакыр кубалаш керек. Ошолордун айынан өлкө белчесине чейин карызга батты, мүнкүрөдү.

Түшүнөм, бирөөсү бирөөнө тууган, жердеш же дос, балким сиздин башчыңыз. Же кээде олдур-чолдур сүйлөп койгону жагышы мүнкүн, ага карабаш керек. Эгерде, дагы деле биз адаттагыдай шайлоо өткөрсөк, бизге дагы деле жетелек болот. Анда сооп, чала болот.

Өкмөткө же президентке саясий эрк керек деп калабыз, а бул жолу элге, шайлоочуга саясий эрк керек болуп калды. Кооз сөзгө, акчага, убадага, айылга салып берген көпүрөгө, жолго алданбагыла. Эгер эл үчүн күйгөн азаматтар болсо, жерине, уруусуна, керек болсо улутуна карабай шайлагыла.

Жетишет, "өзгө болгуча өзүбүздүн бала болсун" дей берип итке минип калдык. Көздү ачып, жүрөктү ачып, туура тандоо кыла турган кезге жеттик. Азыртадан ойлон замандаш”,-деп ырчы жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости