www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз өлкөсү Орусия менен кош жарандуулук жөнүндө мыйзам кабыл алуу керек. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн президенттигине талапкер, парламенттин экс-спикери Адахан Мадумаров Орусияда өткөн "Кыргыз кризиси жана президенттик шайлоо" аттуу брифингинде билдирген.
“Мен Орусиянын жана Кыргыз өлкөсүнүн кош жарандыгы жөнүндө мыйзамды демилгелегим келет. Бизге бул керек. Мындан биз пайда көрөбүз. Орусиянын жарандыгын алган Кыргыз жарандарынын өз мекенинде мүмкүнчүлүктөрү чектелүү”, - деген Мадумаров.
Мындан сыркары ал ар дайым эмгек мигранттары менен тынымсыз жолугуп турарын баса белгилеген.
“Мен мекендештерибиз жүргөн бардык жерлерде - Орусия, Түркия, Түштүк Корея, Казакстанда жүрөм. Алар кайда чакырса, ошол жакка келем. Эгерде башка Кыргыз саясатчылары чакырылбаса, бул алардын чоң трагедиясы. Ар бириңер мен үчүн кымбат болгонуңар үчүн келем. Өлкөнүн негизги байлыгы алтын, мунай же көмүр эмес - бул эл. Жыл сайын 250 миң адам өлкөдөн чыгып кетишет. Алардын ар бири биздин элибиз үчүн баа жеткис. Жаштар өз мекенинде өзүн керектүү сезиши керек", - деп баса белгилеген Мадумаров.
Эске салсак, Мадумаров 10-октябрда өтө турган мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышарын билдирген. Бүгүнкү күнгө карата бул саясий өнөктүккө катышуу үчүн Боршайкомго арыз жазгандардын саны 15 адамга жетти.
Булак: NazarNews.kg