www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү астролог Павел Глобанын айткан төлгөлөрү дал келип жүрөт. Миллиондогон калкка жылдыз төлгөсү боюнча кандай ийгиликтерге жетип, кандай кусаматтарга кабылаарын Павел Глоба жылдыз төлгөсү боюнча алдын-ала айтып жүрөт. Майрамдарга бай май айында белгилүү астролог Павел Глоба сизди кандай деп баалайт:

Кой (21.03 -20.04)

Кой жылдызы Күн менен Марстын таасири алдында болгондуктан, бул белгинин алдында төрөлгөндөр өтө жалындуу, кайраттуу, ачык, чынчыл жана максатына жетүү үчүн жанын таштап коюшат. Ошону менен өз оюн бербеген таарынчактыгы бар. Кой жылдызы кимдир-бирөөлөрдүн башкарып турганын жактырбайт, бирок өздөрү жетекчи болууну сүйүшөт. Бардык иштерде Кой биринчи болуп, ийгиликке жетүү үчүн умтулат.

Букачар (21. 04-20.05)

Букачар жылдызынын алдында төрөлгөндөр, өздөрүнүн унчукпагандыгы менен айырмаланышат. Бирок, андай эмес, «Жооштон жоон чыгат» - дегендей биринчи көргөндө ошондой болушу ыктымал. Алардын кыймыл-аракети чапчаң болгону менен, алардын кабыл алган чечимдери өтө терең ойлонулган, салабаттуу чечим. Кайсы бир ишке кирер алдында Букачар терең ойлонуп, батына киришпегени менен, ал ишти баштаган соң чыдамкайлык менен катуу берилип аягына чыгат. Букачар айтканынан кайтпайт, бир багытка бет алса өжөрлөнүп аягына чыгат.

Эгиздер (21.05-21.06)

Меркурий планетасынын таасири алдындагы Эгиздер ар бир нерсеге абдан кызыккан, тапкыч, ар ким менен жеңил аңгеме курган, башкаларды өзүнө тарта алат. Ошону менен катар анын өз көз карашын тез алмаштарган, туруксуздугу бар. Эгиздердин ойлоп тапкычтыгы, акылы анын кесиптик жагынан ийгиликке алып барат. Эгиздер өз иштеген жерин, жашаган жерин, жүрүш-турушун, убадасын, манерасын, өз чечимдерин бат-бат алмаштырып турушат.

Рак (22.06-22.07)

Рактар өтө сезимтал, бардык нерсени тез кабыл алган, эмоцианалдуу адамдар болгондуктан, алардын көңүлдөрү тез бузулуп, тез калыбына келет. Анын сезимдери чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз таасир этет. Рактардын турмушка көз карашы өтө романтикалуу, таза турмушту чагылдырып турат, бирок алардын сезимдери дайыма турмуштун татаал жагын жамандоо менен дал келип турат. Рактар өз максаттарына жай, бирок бардык тоскоолдуктарды жеңип ишенимдүү багыт алат.

Арстан (23.07-23.08)

Арстандар Күндүн жетекчилиги алдында турушат. Ушундан улам Арстандын духу күчтүү, энергиялуу, эч кимге көз карандысыз, айбаттуу, каарман жана бет алганын бербей бийликке умтулуп турат. Ошону менен катар Арстан чыдамкай, өжөр жана сыймык менен даңкка умтулат. Арстан башкаларды камкордукка алып, башкарганды жакшы көрүшөт, өтө көрүнүктүү кызматтардан иштешти көздөйт, чынында арстандай болуп  бир секирүү менен арстандай болгон чоң кызматтарга жетет.

Бийкеч (24.08-23-09)

Бийкеч суктана турарлык тырышчактыгы, тыкандыгы, компетенттүүлүгү, аналитикалык акыл-эси, өтө сактыгы, рационализмге бекем берилгендиги, ар кимге өз көңүлүн бурган жайдарылыгы менен башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Бийкеч абдан эмгекчил жана чыдамкай, өтө тыкан жана келечекке баам салганы айырмаланат. Өз устаттыгын жыл өткөн сайын курчутуп турат.

Тараза (24.09 – 23.10)

Тараза жылдызынын алдында төрөлгөндөрдүн жан-дүйнөсү жумшак, акыйкат деген сезими жана философиялык ой-жүгүртүүсү өтө өнүккөн. Ошону менен катар Таразада кыялдануу сезими менен айлана-тегерегинде курчаган адамдарга мамилеси өтө жылуу. Тараза чыр-чатакка чыдамсыз келишет, ошондуктан чыр-чатактарды чечүүдө ортону бириктирген дипломаттык жагдайы бар. Эки тарапты бириктирүү үчүн Таразалар эки тараптын тең пикирин туура көрүп, либералдык жүрүштөргө же эки жүздүүлүккө барышы ыктымал.

Чаян (24.10-23.11)

Чаян өзүнүн күчтүү, таасирлүү мүнөзү менен башкалардан айырмаланып турат. Алар өтө  чечкиндүү, өзүнө өзү бекем ишенген, Күн алдындагы орун үчүн ким менен болсо да салгылашып жеңиш менен чыгат. Өзүнүн каршылашын кенедей да аяп койбой, акыр аягына чейин салгылашат. Чаяндар нервтик чыңалууга тез келип, бат эле «от ала» түшөт, кимдир бирөөлөргө баш ийүүгө көнбөйт да, кимдир бирөөлөр менен атаандашуу үчүн жаралган. Чаян өз наркын өзү билет, өзүн өзү татыктуулардын катарына теңеп, өзүн сыйлап, элди да баалоону жакшы билишет.

Жаачы (24.11 -21.12)

Жаачы – тартип сүйүүчүлөрдүн, философиянын, ар кандай идеологиянын башаты. Жаачы дайыма шайыр, шаң менен жүргөн, өтө көңүлдүү, жайдары мүнөзгө ээ. Алар акыйкат дегенде тикесинен-тике турат, өтө так, түз жүргөн чынчыл адамдар. Кээ бир учурларда чагылгандай чарт-чурт эткен мүнөзү бар, бирок Жаачыларга таарыныштын кереги жок, себеби алар кимдир бирөөгө өчөшүп кастык ойлобойт. Кылгандарын тез эле унутуп калат.

Текечер (22.12-20.01)

Текечер-өтө тырышчаак, амбиоздуу, эсепке өтө так, ар бир иштин майын чыгарат. Ага чыдамкайлык, менменисинүү, өзүмчүлдүк, эгоитсттик көз караш жана сактык таандык. Кызматтык тепкичтен көтөрүлүүдө жана финансылык тармакта өзүн өзү баалаган Текечер баар табат. Текечер мыкты уюштургуч жана чыдамкай аткаруучу. Текечер бардыгын таразалап, тактап, өз убагын күтөт, качан өз убагы келгенде ал фонтандай атырылып чыгып, өз максатына жетет.

Суу куяр (21.01-19.02)

Абанын стихиясы менен жаралган Суу куяр акыл-эс жагынан активдүүлүгү, сабаттуулугу, окууга болгон ынтызарлуугу жана өзгөчө масштабдуу кругозору менен айырмаланып турат. Алардын колу ачык, эркиндикти сүйүшөт, саясий турмушка берилип киришкен, келечекке кыялданышып, аны жан-дили менен берилип күтүшөт. Эгер Суу куяр кандайдыр бир ишке лидер болушса чечкинсиздикти көрсөтүп коюшу мүмкүн.

Балык (20.02-20.03)

Балык абдан сезимтал, сентименталдуу, романтикалуу жана кыялкеч. Алар абдан боорукер, бирок өзүнө өзү ишенбегендиктен муну дайыма жашырып келишет. Балык айлана-чөйрөсүндөгүлөргө чоң таасир тийгизип, алардын сыйына татыктуу болот, ошондуктан Балыктан мыкты мугалимдер чыгышат. Алардын интуициясы өтө өнүккөн, ички дүйнөсү абдан таза жана өтө бай, аларды толугу менен эч ким түшүнө албайт.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости