www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-февралда, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте «Трансевразиялык каттам» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга «долбоордун кум коргон» режиминде кол коюу аземи болуп өттү.

Мекемеден билдиришкендей, келишим Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциумунун ортосунда түзүлдү.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов белгилегендей, бул Кыргызстандын темир жол тармагындагы биринчи МЖӨ долбоору, ал өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калат.

"Инвестициянын жалпы суммасы болжол менен 3 миллиард АКШ долларын түзөт, бул жаңы жумуш орундарын гана камсыздабастан, транспорт тармагын кыйла жакшыртып, өлкө үчүн узак мөөнөттүү келечекте экономикалык пайда алып келет", - деди Талантбек Иманов.

"Транс-Евразиялык маршрут долбоору Макмал айылынан Каракол шаарына чейинки жаңы темир жол линиясын курууну камтыйт. Долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн транспорт тармагын модернизациялоодо маанилүү кадам болот",-деп айтылат маалыматта.

Последние новости