www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Латын Америкасынан жана Украинадан келген мигранттардын иммиграциялык арыздарын карап чыгууну токтотту. Бул мигранттар мурдагы президент Жо Байдендин убагында белгилүү программалар аркылуу өлкөгө кирүүгө уруксат алган болчу. Бул тууралуу CBS телеканалы чиновниктерге жана ички документтерге шилтеме берип билдирди.
"Трамптын администрациясы Байдендин мезгилиндеги айрым программалар аркылуу АКШга кирген Латын Америкасынан жана Украинадан келген мигранттардын бардык иммиграциялык арыздарын токтотту. Себеп катары алдамчылык жана коопсуздук маселелери көрсөтүлдү", – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул чечим ар кандай иммиграциялык жеңилдиктерди алуу үчүн документ тапшырып жаткан мигранттарга таасирин тийгизет. Бул жеңилдиктер алардын АКШда мыйзамдуу түрдө калуусуна мүмкүндүк берет.