www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын Остроленка шаарындагы кесиптик-техникалык окуу жайда болгон куралдуу кол салуудан жети адам жаракат алды. Алардын экөө оор абалда. Бул тууралуу польшалык RMF FM басылмасы билдирди.
«Кеминде жети адам жаракат алды, алардын көбү студенттер, ошондой эле бир мугалим бар», — деп жазды басылма.
Окуя 7-октябрь күнү эртең менен окуу жайдын имаратында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, кол салган адам бычак колдонгон.
Кылмыштан кийин шектүү окуя болгон жерден качууга аракет кылган, бирок укук коргоо органдары тарабынан тез арада кармалган.
Журналисттердин маалыматына караганда, кармалган адам 19 жаштагы ушул эле окуу жайдын студенти болгон. Полиция аны Нарев дарыясынын жээгиндеги шаардык пляжга жакын жерден кармаган.
Учурда окуя болгон жерде тез жардам кызматтары жана тергөө тобу иштеп жатат.