www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.

Милицияга М.А. аттуу жаран кайрылып, У.Ж. аттуу адамга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, шектүү ишенимине кирип, «Hyundai Santa Fe» үлгүсүндөгү автоунааны бир айдын ичинде акысын төлөп берүү убадасы менен алган. Бирок унааны алгандан кийин байланышка чыкпай, натыйжада жабырлануучуга 27 миң доллар өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө 1992-жылы туулган У.Ж. аныкталып, кармалган. Соттун чечими менен ага камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген.

Октябрь РИИБ жарандарды этият болууга чакырып, кылмыштуу аракеттерден жабыркагандарды же окуя боюнча маалыматы барларды 102, ошондой эле 0(700) 12-66-22 жана 0(700) 55-59-93 номерлерине кайрылууга чакырат.

Последние новости