www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 8–9-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барат.
Мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Түркмөнбашы шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын президенттеринин Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышат.
Жолугушууда аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү, саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле энергетика жана экология тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланат.
Мындан тышкары, 9-октябрда Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат. Анда Шериктештиктин алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү жолдору каралат.