www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетикалык суусундуктардын жүгүртүлүшүн жана алардын жашы жете электер үчүн жеткиликтүүлүгүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.
Комиссиянын негизги максаты — энергетикалык суусундуктардын жана адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон айрым тамак-аш азыктарынын жүгүртүлүшүн, сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле бул багыттагы мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун комплекстүү изилдөө.
Демилге «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобу тарабынан көтөрүлүп, маалыматты топтун жетекчиси Талант Мамытов тааныштырды.
Комиссиянын курамына депутаттар Азамат Исираилов, Азамжан Жалилов, Жаныбек Аматов, Адилет Белеков, Талант Мамытов, Бекмырза Чолпонбай уулу, Нуржамал Торобекова, Илимбек Кубанычбеков, Махабат Мавлянова жана Алишер Козуев кирди.