www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Омандын ортосунда айыл чарба жана суу чарба тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу жана заманбап технологияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун Омандын инвестициялар башкармалыгынын жана Ад-Дахилия губернаторлугунун өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.
Тараптар агроөнөр жай продукциясын кайра иштетүү, балык чарбасы жана аквакультура, органикалык айыл чарбасы, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү жана топурактын асылдуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле ветеринардык жана лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүү багыттарына көңүл бурулду.
Мындан тышкары, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, заманбап сугат технологияларын киргизүү жана суу үнөмдөө боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушууда айыл чарба жерлерин, жайыттарды жана суу ресурстарын спутниктик технологиялар аркылуу мониторингдөө, аралыктан зонддоо маалыматтарын биргелешип пайдалануу маселеси да талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашууну улантууга, инвестиция тартууга жана айыл чарба менен суу чарба тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.