www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бакай-Ата районунда жаранга мамлекеттик мергенчилик күбөлүгүн мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.
Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаран Россияда жүргөнүнө жана мергенчилик минимуму боюнча экзамен тапшырбаганына карабастан, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан ага мамлекеттик мергенчилик күбөлүгү таризделген.
Аталган күбөлүктүн негизинде райондук ички иштер органдарынан ок атуучу куралды сактоого жана колдонууга уруксат алынган.
Кийинчерээк бир даана ок атуучу курал белгисиз адамдардын колуна өткөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.