www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Алардын бири — Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору.
Башкы прокурордун орун басары Залкар Акназаровдун маалыматына караганда, документ ишкердик субъекттерин ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүнү прокуратура органдарында катталгандан кийин гана жүргүзүүнүн укуктук механизмдерин киргизүүгө багытталган.
Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору да биринчи окууда кабыл алынды.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын айтымында, мыйзам долбоору кыймылсыз мүлк рыногунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана көмүскө ишмердикти азайтууга багытталган.
Документте риелтордук иш менен алектенген субъекттерди милдеттүү түрдө каттоо жана сертификациялоо сунушталууда.
Жыйында депутаттар мыйзам долбоорлорунун айрым жоболору боюнча суроолорду берип, текшерүүлөрдү жүргүзүү, риелтордук кызмат көрсөтүүнүн сапаты, сертификация жана жоопкерчилик чараларына байланыштуу сунуштарын билдиришти.