www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөнүн мусулман лидерлерин исламизмге каршы туруу үчүн республикалык баалуулуктардын хартиясын кабыл алууга чакырды.
Елисей сарайынын маалыматына караганда, мамлекет башчы 18-ноябрда Мусулман кеңешиндеги имамдар менен жолугуп, аларга хартияны кабыл алууга 15 күн убакыт берди. Макрондун айтымында, документте республикалык баалуулуктар көрсөтүлүп, ислам — саясий кыймыл эмес, диндердин бири катары белгилениши керек. Президент ошондой эле француз мусулман коомунун ишмердүүлүгүнө чет өлкөлүктөрдүн кийлигишүүсүнө тыюу салынарын кошумчалады.
Мындан тышкары Мусулман кеңеши имамдардын мамлекеттик кеңешин түзүп, ал Франциядагы имамдарга сертификаттарды берүү менен алектениши керек. Эгер дин кызматчылары хартияга туура келбеген аракеттерге барса, жаңы түзүлө турган мамлекеттик кеңеш алардын сертификаттарын чакыртып алуу укугуна ээ болот.
Жолугушууда Макрон мусулмандардын радикалдашуусунун алдын алуу үчүн исламизмге каршы күрөшүү боюнча сунушталып жаткан жаңы мыйзам тууралуу да айтты. Анда башка маселелер менен катар балдарды үй шартында окутууну чектөө жана диний түшүнүктөргө байланыштуу башка адамдарды опузалагандарды жазалоо каралган. Франциянын министрлер кабинети бул мыйзам долбоорун 9-декабрда талкуулайт деп күтүлүүдө.
Сентябрдын ортосунда Париждин жака белинде чечен улутундагы Абдулах Анзоров тарых жана география мугалимин өлтүргөн. Ага чейин мугалим сабакта окуучулар менен сөз эркиндиги жөнүндө сүйлөшүп, Мухаммед пайгамбарга тартылган карикатураны көрсөткөн. Анзоров мугалимин пайгамбарды кемсинткени үчүн өлтүргөнүн айткан.
Президент Эммануэль Макрон кол салууну «исламисттик теракт» деп атап, Франциянын светтик баалуулуктарын радикал исламдан коргоого чакырган. Өлкө башчынын бул билдирүүсү мусулмандардын арасында нааразылыктарды жараткан.
Патинин өлүмүнөн эки жума өткөндөн кийин теги тунистик адам Ницца шаарында бычак менен үч кишини өлтүргөн.
Булак: NazarNews.kg