www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-январда вице-премьер-министр Максат Мамытканов «Жетим-Тоо» боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал Өкмөт өлкөдөгү кен-байлыктарды сыртка чыгарбай, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн иштетээрин билдирди.

Белгилей кетсек, «Жетим-Тоо» темир кени 6 участоктон туруп, узундугу 40 чакырымга созулат. Ал темирдин камтылышы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.

«Жетим-Тоону иштетүү үчүн канча каражат сарпталаары тууралуу алдын-ала маалымат бере албайбыз.

«Жетим-Тоодогу» кен боюнча бизде азырынча так маалымат жок. Биз «Жетим-Тоону» иштетүү үчүн банктар менен келишим түзөлү десек, анда канча кен бар экендиги жөнүндө так сандар тууралуу тастыкталган маалыматыбыз жок.

Жада калса ал жерде геологиялык изилдөөлөр да жүргүзүлө элек», - деди вице-премьер-министр.

Эскерте кетсек, Нарын облусундагы «Жетим-Тоо» кенинде 2010-жылдагы эсептөөлөр боюнча 3 млрд 344 тонна темир бар. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости