www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Жогорку Кеңештин депутаттарынын 5-6-октябрдагы окуяларга байланыштуу суракка чакырылып жатканы тууралуу суроого жооп берди.
«Мен аларды кандай максатта чакырып жатышканын билбейм. Мен укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жооп бербейм. Ал жакта тергөө жүрүп жатат, андан тышкары тергөөнүн купуялыгы деген түшүнүк бар», - деди Мамытканов.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Мирлан Жээнчороев ИИМге Бишкек шаарындагы 5-6-октябрдагы окуялар боюнча суракка чакырылганы тууралуу маалымат пайда болгон.
Булак: NazarNews.kg