www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган долбоордун максаты - мыйзамды Конституцияга ылайык келтирүү жана текстине айрым тактоочу ченемдерди киргизүү экени айтылды. Анын автору – депутат Бактыбек Чойбеков.

Мыйзамда мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилди өз ишмердүүлүгүн аткаруу үчүн зарыл деңгээлде билиши зарыл экени жазылды.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ. Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине көңүл жакшы бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлөрүн, жыйындар орусча болорун сындап келет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости