www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин башкаруу системабызда саны бар, сапаты жок жетекчилик, дирекция, агенттик дегендерден башың айланат. Алардын бири Мамлекеттик ипотекалык компаниясы (МИК).

Бул компания үйү жокторду үйлүү кылуу максаты менен ачылган. Бирок, ооз толтуруп айта тургандай иш деле аткара алышкан жок. Мурунку жетекчиси Бактыбек Шамкеев жетектеген кезде деле, азыркы жетекчи Эльмира Абжапарованын учурунда дагы ызы-чуунун эле үстүндө келе жатышат. Быйыл жетекчилик менен кызматкерлери соттошуп, жыйынтыгында кызматкерлер соттон утуп алышты.

Мунун өзү эле МИКтин жетекчилиги өз билгенин кылып, ботко чалыш олтурганынан кабар бербейби?!

Мейли, башка учурун айтпай эле коелу. МИКтин бүтүндөй аппараты бүгүн эмне иш кылып жатканын билбейсиң. Ипотека боюнча кайрылган жарандардын баары эшигин сүзүп тыңыраак жооп уга албай кетип жатышат.

Аларга ипотека үчүн бөлүнгөн акча жок экендигин айтып, азыр МИК итке минип калганын түшүндүрүшүп, маселе кийинки жылы чечилет деп, тил эмизген жоопту айтып узатышууда.

Анан суроо туулат. МИКтин иш алып барганга акча жокболсо, Эльмира Абжапарова баштаган МИКтегилер куурай башын сындырбай эле олчойгон айлык алып олтурушабы?!

МИКти ушул абалга Эльмира айым кептеген жокпу? Жок дегенде айлыктардын суммасын кыскартпайбы?

Жетекчиси Абжапарова айына 130 миң сом айлык алаарын эске алганда, бүтүн МИКтегилер жалдырап олтуруп эле мамлекеттин миллиондогон каражаттарын айлыкка алып жатат да, туурабы?

Булак: "De Факто" гезити

Последние новости