www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

Төмөндө Талант Мамытовдун кайрылуу сөзү:

«Урматтуу мекендештер!

Мамлекет тарабынан жыл сайын ушул күнү ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын муктаждыктарына жана көйгөйлөрүнө коомчулуктун көӊүлүн бурдурган иш-чаралар өткөрүлүп келет. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коомго интеграциялоого көмөк көрсөтүү жана аларды социалдык коргоо боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылууда.

Алдыбызда майыптыгы бар адамдардын коомдук турмушун жакшыртуу үчүн максималдуу шарттарды камсыз кылуу боюнча жаңы максаттар жана милдеттер турат.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 193,7 миӊ ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт, алардын ичинен 32,0 миӊ адам — ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болгону менен алар таланттуу жана шыктуу, эрки күчтүү адамдар. Мындай адамдар өлкөнүн сыймыгы.

Мамлекет ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоонун пассивдүү чараларынан ар кандай социалдык төлөмдөр түрүндөгү активдүү чараларга өтүүгө тийиш.

Урматтуу мекендештер!

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын керектөөлөрүн канааттандыруу — мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири.

Кыргызстан ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу менен, бардык адамдарга өлкөнүн социалдык, экономикалык жана саясий турмушуна катышуусун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү милдетин өзүнө алган. Биз бул милдеттерди аткарабыз!

Бардыгыңыздарга ден соолук, бакубатчылык, бакты-таалай жана бекем эрк каалайм. Алдыга койгон максаттарыӊыздар ишке ашсын, эӊ негизгиси жакын адамдарыӊыз дем берип, колдоп турсун».

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости