www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-март күнү, Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын кезексиз ХХIV сессия болуп өттү.
Күн тартибиндеги негизги маселе катары төраганы шайлоо каралып, көпчүлүк депутаттардын добушу менен Аскат Талант уулу Манас шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Аскат Талант уулу 1993-жылы 9-июлда Сузак районунда төрөлгөн.
Билими жогорку. Кыргыз Улуттук универиситетинин Юридикалык факультетин аяктаган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
Эмгек жолу:
- 2016-2019- жж Жалал-Абад шаардык сотунун сот отурумунун катчысы.
- 2019-2025-жж Жактоочу- юрист.
- 2025-2026-жж. Жеке нотариус.
- 2024-жылы “Эмгек” саясый партиясынан Манас шаарык кеңешинин Х чакырылышынын депутат болуп шайланган.
2026-жылдын 9-мартынан тарта Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы.
Белгилей кетсек, буга чейин Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын төрагасы кызматын Болотов Нуртилек Болотович ээлеп келген. Өз арызынын негизинде ал аталган кызматтан бошотулду.