www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-майда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев акыркы сапарга узатылды. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына туугандары, достору, кесиптештери, анын ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев, саламаттыкты сактоо министри келген.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-майда Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев коронавирус илдетин жугузуп 70 жаш курагында кайтыш болду. 

Эске сала кетсек, Мукар Чолпонбаев NazarNews.TVге келип, ушул жылдын 5-мартында өлкөдөгү митинг жана башкаруу системасы тууралуу маек курган.

Толугу менен төмөндөгү видео-тасмадан көрө аласыздар: 

Булак: NazarNews.org

Последние новости