www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркумдун ашы берилбей калган...

Биздин айыл тоонун этегинде жайгашкан. Кичинекей кезимде тоо ушунча чоң болуп көрүнчү. Ошол тоо азыр да турат. Биздин көчөнүн аты Ортокчул. Мурда анда тээ союз ыдырай электе бул көчө бир айыл болуптур. Ошондо эле биздин айыл "Миллионер колхоз" аталып, атагы алыска чыккан экен. Мурдагы аты - Долинка.

Мына ошол айылыбыздан көптөгөн таланттар чыккан. Алсак, Касымалы Бектенов, Миргуль Молдоисаева жана башка таланттар чыккан айыл. Күндө жумуштан келатсам бир ак сакалчан карыя мени тосуп чыгат, аны көрүп, мен ага күндө салам берчүмүн. Биздин айылда баары кичинесинен чоңуна чейин "Жакшысыңарбы?" деп саламдашышат. Мени жумушка узатып жатып, салам берсем саламымды алат.

Бир күнү ошол карыянын үйүнө адамдар көп чогулуп, куран окулуп жаткан экен. Көрсө ал карыя мындан бир  топ жыл мурда эле каза болгонун бүт айыл билет экен. Бир себептерден улам ыраматылык атанын ашы берилбей калыптыр. Келини катуу ооруп калып, көзү ачыкка барып калат. Ошондо көзү ачык чоң атаңардын көзү ачылбай калган экен.

"Уурдалбаган, карызга алынбаган акча менен куран окутуп же болбосо башка нерсе кылынбаган адал жол менен табылган каражатка куран окулуп, ашы берилүүсү кажет", - деп айткан табыптын сөзүн аткарып, ашын берип алышты Мен болсо шаардан келип, жумушка орношуп, күндө эртең менен жумушка узатып, кайра келе жатканымда тосуп алып жатканына кубанчумун. Азыр жайы жаннаттан алып, кураны кабыл болду. 

Мен болсо кээде ошол карыяны кээде издейм, аны менен отуруп алып бир топко дейре сүйлөшкүм келет...

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости