www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Соңку 2 жыл ичиндеги Жапаровдун сот процесстеринде 10–12ге чейин адвокаттар катышканын байкадык. Алардын эмгек акыларын кайдан таап берип келдиңер?

— Учурдан пайдаланып, адвокаттарыбызга терең ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Садырдын элге кылган эмгегин баалап, Шарабидин Токтосунов жетектеген адвокаттар тобу бекер иштеп беришти, азыр да акы албай иштеп жатышат. Мыйзам иштесе, эл үмүтү акталып, адвокаттардын эмгектеринин акыбети эчак эле кайтмак.

— Эркектин башына мүшкүл түшсө, азабын аялы тартат эмеспи. Жубайыңызга саясаттан кайт деп айткыңыз келген учурлар болдубу?

— Мен азапты Алланын сыноосу катары кабыл алдым. Жараткан сыноону көтөрө алышыңча берет дейт. Ооба, кайт деп айткым келген учурлар болгон. Себеби, саясатта көп жылдар жүрүп, элди тоноп, төңкөрүш жасап же Кыргызстанды өнүктүрбөй, тескерисинче карызга батырып, коомчулукту ирээнжитип, кайра-кайра саясатка келген жек көрүндүлөрдөн болбосо экен деп ойлойм. Ал эми Садырдын эмгегин карапайым эл баалап, билип тургандан кийин кайт деп айта албайм.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости