www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-элчи Кылычбек Султан жөнүндө ар кандай пикирлер жамгырдай жаап келет. Анын акыркы кадамдары көпчүлүккө жакпай ар кандай терс сын пикрлердин жаралуусуна түрткү болду. Бул тууралуу Фейсбуктагы "БеспределKG-КР" тайпасы жазып чыкты.

Өзүн учурда дасыккан саясатчыдай сезип алган Кылычбек Султанды тааныйсыздар да. Адегенде ал эркин басылмалардын биринде «верстальщик» болуп эле отурчу. Анан кийин дагы бир журналисттин демилгеси менен биргелешип кроссворд, сконворддорду гана жарыялаган гезит ачышкан. Андан соң ал гезитти анча-мынча шоу дүйнөсүнүн жаңылыктары менен шөкөттөп отуруп, бүгүнкү күндөгү «Супер-Инфо» гезитин пайда кылышкан эле.  Айтор, бир сөз менен айтканда «Супер-Инфонун» түптөлүп, окурмандарын табышына дагы бир жаш журналист себепкер болгон. Бирок, Кылычбек мырза аны башында пайдаланып туруп, кийин акырындык менен аны өзүнөн алыстатып койгон. Демек, ал «фундаментинен» эле «кидальщик» болуп атабы?

Кийин ошол сапатын азыноолак саясатка аралашканында деле көрсөтө калып жүрдү. Ачыгын айтканда ал абакта жаткан «Ата-Мекен» партиясынын лидери Ө. Текебаевдин жардамы менен саясатка аралашып, министрлик кызматты ээлеп, анан элчилик кызматтарга кеткен. Кийин Текебаев камакка алынганда анын таламын талашып бир үн катып койгон жок. Тескерисинче, Атамбаев менен жакын мамиледе болгонго аракет кылды. Анан Малайзиядагы элчиликтен түшүп калганында ага да ыдык көрсөтүп көрдү. Кайра Кореяга элчи болуп кеткен.  Анан эми бүгүнкү күндө элчиликте иштеп жүрүп жасаган мыйзамсыз иштери ачыкка чыга баштаганда өзү оппозициячыл саясатчыдай көрсөткүсү келет. Акчанын гана артынан тоголонгон Кылыч мырзаны эч ким саясатчы катары деле тааныбайт. Ал бир болгону сүткор, болгондо да бирөөлөрдү иштетип, пайдаланып туруп, анан анын эмгегинин баарын өзүмдүк кылып алган сүткор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости