www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак халатчандар акцияга чыгышты

Улуттук госпиталдагы Көздүн биринчи микрохирургиясы госпиталында иштеген 30дай дарыгер бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Акцияга чыккандар Көздүн биринчи микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаеванын кызматтан алынышын талап кылышууда. Пикетке чыккандар менен ЖКнын депутаты Дастан Бекешев жолукту.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын жайында аталган бөлүмдүн ондон ашуун дарыгери Салтанат Иманбаеванын үстүнөн Улуттук госпиталдын директору Динара Сагинбаевага арызданган. Алар Иманбаева менен иштөөгө мүмкүн болбой калганын, грант аркылуу келген кымбат баалуу жабдууну өз менчигине өткөрүп, операцияларды өзү гана жасап калганын айтып чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости