www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев коалициялык көпчүлүктөгү фракция лидерлерине КСДП фракциясын коалициядан чыгаруу боюнча кайрылганы жатат. Ал бул тууралуу «Азаттыкка» билдирип, коалиция КСДПнын тагдырын чечиш керектигин айтты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
«Мен өткөн жылы май айында КСДП фракциясын коалициядан чыгарууну сунуштагам. Бул азыр да актуалдуу. Бирок азырынча расмий кагаз түрүндө кат бере элекмин. Эки-үч күндө ошол сунушту кайталаганга даярданып жатам. КСДПны оппозициялык азчылыкка чыгарыш керек. Ал эми кийин алар оппозиция болобу же жокпу өздөрү чечет», - деди Масалиев.
18-мартта Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялады. Партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева эми алар бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына сын-пикир айтып, 2020-жылы оппозициячыл партия катары парламенттик шайлоого барышарын билдирген.
Парламентте учурда КСДП, «Республика-Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары коалициялык көпчүлүктү, «Өнүгүү-Прогресс» менен «Ата Мекен» фракциялары оппозициялык азчылыкты түзөт.
Булак: NazarNews.kg